Ысык-Ата районунда 5 жашар бала көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Билдирүүгө караганда, Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында балык кармоочу жайында көлмөгө 2017-жылы туулган А. Ы аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
«Жерине издөө иштери жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти»,- деп берилет маалыматта.