7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан алтын камтыган руда жана алтын камтыган концентрат ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынат

651

2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандан алтын камтыган руда жана алтын камтыган концентрат ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынан алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Анын негизинде КРнын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө.

«Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул Жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652