7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызавтожол» ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалы мамлекетке 12 млн сом зыян келтирген

689

Жалал-Абад областында «Кыргызавтожол» МИ аймактык башкармалыктарында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызматкерлери көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнүн жүктөлгөн кызматтык милдеттерин адилетсиз аткарып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалоо боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

«Кыргызавтожол» МИ Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдарына карата, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козголгон.

Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталган. Буга байланыштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690