7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналист Санрабия Сатыбалдиева опузалап талап кылуу фактысы менен кармалды

778

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча «МИР24.kg» маалымат порталынын директору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 3-ноябрында 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде шантаж кылуу менен талап кылган бир катар адамдар кармалды. Кылмыштын негизги аткаруучусу болуп «МИР24.kg» маалымат порталынын башкы директору “С.С.К.” болуп саналат.

Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшкөндүгү үчүн шектелип «МИР24.kg» маалыматтык порталдын оператору “Б.у.К.” кармалды.

«Жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп берилет маалыматта.


 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

779