7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

31 млн сомго жакын зыян. Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды

586

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды. Бул туралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында, ишкананын өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүү уюштурулган.

Өзгөчө, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбостон, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ММ имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталган.

2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 31 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Белгилей кетсек, бул коррупциялык компоненттер иштеген мезгилде «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору А.А.А. болгон, буга чейин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын аркалаган.

2022-жылдын 15-декабрында козголгон кылмыш иштеринин алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык А.А.А. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587