Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты жанды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балатыны жандыруу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору катышышты.
Калаа мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жакшылыктарды, ийгиликтерди жана жаратмандыкты каалады.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери тарабынан жагымдуу ырлар тартууланды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн балаты орнотулду.