7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

634

16-19-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында (Бишкек шаары) эркектер жана кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өттү.

Мелдешке эркектер арасында 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг салмак категорияларда, кыз- келиндер арасында 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, + 87 кг салмак категорияларында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Нидерландыдан келген 128 спортчу катышты.

Мелдештин биринчи күнү салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, КР ЖК депутаты Шайлообек Атазов, Каныбек Осмоналиевдин жакындары жана санаалаштары катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635