7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1,6 млн сомдук зыян. Панфилов РЭТ кызматкерлерине кылмыш иши козголду

728

Чүй областынын Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан Панфилов райондук электр тармактарында текшерүү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 млн 605 миң 749 сом болгон товардык-материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, материалдык зыян 1 млн 605 миң 749 сом толугу менен өндүрүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.

Учурда иш кароо алдында турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729