7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө бала бакчада жансыз дене табылган. Шектүүлөр кармалды

709

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайк, 28-ноябрда Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы эски бала бакчанын ичинен О.Г. аттуу жарандын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 50 жаштагы Л.Р. аттуу жаран кармалып, ага карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми, белгисиз болуп жаткан анын шериги 39 жаштагы О.Н. аттуу жарандын дагы жүргөн жери аныкталган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710