Минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-январда Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду.
КРнын 1994-жылы туулган К.М.Д., жана 1994-жылы туулган А.У.М. аттуу жарандары, мамлекеттик номери S 9432 S «Ауди 100» маркасындагы автомашинаны пайдаланып, Тажикстандын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында шектүү жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган.
Учурда ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.