7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына КМШ ПААнын сыйлыктары тапшырылды

435

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер Аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) медалдарын жана эстелик белгилерин тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана Мамлекеттер аралык «МИР» телерадиокомпаниясынын «Древо дружбы» алтын медалы менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова сыйланды.

Ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүүгө жана чыӊдоого сиӊирген эмгеги үчүн, Шериктештиктин ишинин укутук негиздерин өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдоого кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалдары менен «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, «Альянс» парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жана «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков сыйланышты.

Мындан тышкары, КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган Эстелик белгиси менен Жогорку Кеӊештин депутаттары Камила Талиева менен Бахридин Шабазов сыйланышты.

Жолугушууда эл өкүлдөрүн сыйлык менен куттуктаган Төрага Нурланбек Шакиев, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө депутаттардын кошкон зор салымын белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

436