Бишкекте куткаруучулар дубалдын ортосунда кыпчылып калган жаранга көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-февраль күнү ӨКМге Ленин районунун, Репина көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы менен гараждын дубалын ортосунда эркек киши кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматы 5 куткаруучусу тартылган, эс-учун жоготкон, болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишини чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.