Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик идеологиясынан баш тарткандыгы тууралуу УКМК төмөндөгүлөрдү билдирет.
Маалыматка ылайык, диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ак-Муз айылынын жергиликтүү жашоочусу Ч.М.К. КРнын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” Диний экстремисттик уюмдун ишмөөрдүлүгүнө катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал жогоруда аталган кыймылдын идеяларын активдүү пропагандалап жүргөн.
2023-жылдын 23-январында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы, Ат-Башы РИИБ менен биргеликте аталган жаранга карата түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары көрүлүп, анда ал өзүнүн көз карашынын туура эместигин ачык моюнга алып, аталган экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө мындан ары катышуудан баш тартканын билдирди.
Учурда УКМК экстремисттик көз караштарга жана “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн ишенип кирип кеткен адамдарды алдын алууга багытталган иш-чараларды улантууда.