«Окуучулар арасында өтүүчү предметтик олимпиада сынактарында коррупция бар” — мындай пикирин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жыйын учурунда билдирди. Алсак өткөн жылы республикалык олимпиядага облустан катышкан 35 окуучунун арасынан бир гана окуучу байгелүү орунга жеткенин белгиледи. Мындан улам, облус башчысы прокуратурага олимпиада жыйынтыгын кайрадан карап чыгуу боюнча сунушун берди.
Жалал-Абад: Олимпиаданын жыйынтыгын прокуратура текшерүүгө алат
