«Групповой өлтүрүшкөн». Бычакталып каза болгон 24 жаштагы жарандын жакындары (ВИДЕО)
826
Майлуу-Суу шаарында бычакталып, каза болгон 24 жаштагы жарандын жакындары акыйкаттык издеп 7-каналга кайрылышты. Алар окуяга катыштыгы барлар эркиндикте жүргөнүн, ошондой эле ооруканадагы дарыгерлердин ишине да канааттанбай турганын белгилеп чыгышты. Бул жаатта маркумдун жакындары милициянын Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнүн алдына чогулушту. Учурда оор кылмыштын жүрүшүн прокуратура органдары да көзөмөлгө алды.