7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат Тагаев менен Айнура Аскарова Маданият министринин орун басары болуп дайындалды

615

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эмгек жамаатына министрдин жаңы орун басарлары тааныштырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемесине ылайык, Надырбеков Союзбек Надырбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын башка чечими менен Тагаев Марат Төлөмүшевич жана Аскарова Айнура Алмасбековна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Аларды министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616