Бишкекте кыргыз киносунун патриархы — режиссер-коюуучу, сценарист, прозаик Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.
Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, маданият жана искусство ишмерлери, кинорежиссердун жакындары катышууда.
Геннадий Базаровдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Белгилей кетсек, Геннадий Базаров 6-февралда узакка созулган оорудан улам 81 жаш курагында дүйнөдөн өттү.