7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облустук сотунун катчысы ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды

1753

Баткен облустук сотунун катчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

«УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде,  Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (Пара алуу) боюнча 300 миң сом ири өлчөмдөгү акча каражатын кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш. кармалды.

Кармалган жаран акча каражатын алып, соттордон оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген»,- деп берилет маалыматта.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1754