7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмнеге терс окуяларды эстей беребиз? Бир нече кызыктуу фактылар

734

Дүйнө жүзүндө негизи эле ар кандай кызыктуу фактылар көп кездешет эмеспи. Бул макалада ар түрдө аралаш кызыктуу фактыларды топтодук.

1) Эмнеге терс окуяларды жакшы эстейбиз? Биздин мээбиз терс окуяларды жакшы эстеп калуу тенденциясы бар, анткени бул биздин коргонуу механизмибиз. Мисалы, бир жаш бала бир жолу ысык чайнекти кармап, колун күйгүзүп алган, ошондуктан ыңгайсыздыкты сезип, мээси кырдаалды коркунуч катары мөөр басып, кийинки жолу ысык чайнекти көргөндө ага тийбейт. Эгерде анын мээси терс окуяларды тез эле унутуп койсо, анда ал чайнекти улам-улам кармап, чайнек колун күйгүзүп салмак.
2) Унутуу мээге пайдалуу. Керексиз маалыматтарды жок кылуу нерв системасын үнөмдөөгө жардам берет.
3) Көпчүлүк адамдардын даам сезгичтиги 60 жаштан өтүп жоголот.
4) Франция туристтер үчүн эң жагымдуу өлкөлөрдүн бири. Ага жыл сайын 81,9 миллион адам барат, бул өлкөнүн бүткүл калкынын санынан көп.
5) Адамдардын 67%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу жоопсуз сүйүүгө кабылган.
6) Адамдын денесиндеги эң кичинекей сөөктөр кулакта жайгашкан.
7) Жаңгактар адамдын чачы үчүн эң мыкты азык болуп саналат.
8) Кайнатылган суу муздак сууга караганда — оор болот.
9) Дубайда жер жүзүндөгү эң кымбат фонтанды курууга 218 миллион доллар сарпталган.
10) Батыш Кытайда адамдар чайга кумшекердин ордуна туз кошуп ичишет.
11) Лампочканы ойлоп тапкан Томас Эдисон караңгылыктан корккон.
12) Майкл Джексон 50 жыл ичинде сырткы көрүнүшүн 50 жолу өзгөрттүп, Гиннесстин рекорддор китебинен орун алган.
13) Бир килограмм чипсы бир килограмм картошкадан 200 эсе кымбат.
14) Германияда дарыгер болуу үчүн университетте 11 жыл окуу керек.
15) Статистика боюнча 95% адамдар эл алдында сөз сүйлөөдөн коркушат.
16) Дүйнөдө болгону 7% адамдар сологой.
17) Мээ — жаш өткөн сайын жеңилдей баштайт.
18) Аялдардын мээси эркектердин мээсине салыштырмалуу 10%га кичине.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735