7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

494

Президент Садыр Жапаров 7-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты.

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Президент Садыр Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Буга чейин Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн.

Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

495