Бүгүн, парламенттин жыйынында депутаттар «Бишкек жана Ош шаарларындагы курулуп жаткан үйлөр катуу жер титирөөгө туруштук бере албай калышы мүмкүн» деп кооптонушууда.
Ошондой эле учурда баш аламан курулуштар көбөйүп кеткендигин белгилешти.
Марлен Маматалиев калаанын түндүк жагында тектоникалык сынык бар экенине карабай, кичи райондор курулуп жатканын айтты.
Ал эми депутат Медер Алиев Бишкек менен Ош шаарындагы үйлөрдүн сапаты менен коопсуздугун текшерүү үчүн өкмөттүн жана бейрасмий адистерден турган комиссия түзүүнү сунуштады.
Руслан Жакышов курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү көзөмөлгө алып, комиссия түзүлүшү керектигин белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram