Бүгүн, 8-февралда, Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырза менен жолугушту.
Министр өз сөзүндө Саламаттык сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
«Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо, кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз», — деди Гүлнара Баатырова.