7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бир катар муниципалдык кызматтардын жетекчилерине тартиптик жаза берилди

544

Ош шаарындагы бир катар муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине дисциплинардык жаза берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тартиптик жаза берүү Ош шаарында 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында белгилүү болду жана ал мэриянын бир катар токтомдорун аткарбагандыгы жана эскертүүлөрдү четтетпегендиги үчүн айрым муниципалдык кызматтардын, шаардык башкармалыктардын жетекчилерине берилди.

Тактап айтканда:

— Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун” жетекчиси Н.Ж.Эштаевага сөгүш жарыяланды;

— Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы С.Төрөбек уулуна каттуу сөгүш берилди;

— “Керме-Тоо” МАБ жетекчиси Ж.Ж.Сактановго каттуу сөгүш жарыяланды;

— Турак жайды камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн №40 Королев, №42 “Керме-Тоо”, №26 Токтогул Сатылганов, №2 Карл Маркс, №4 Киров, №6 Макаренко атындагы мектептердин директорлоруна чара көрүү боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына сунуш берилди.

— Ош шаарынын мэриясынын токтомдоруна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча иш-чаралардын аткарылбагандыгы, ошондой эле “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасына кошулбаганы үчүн Ош шаардык мамлекеттик дезинфекциялык станциясынын башкы дарыгерине карата тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө КР Саламаттык сактоо министрлигине сунуштама жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545