Мирлан Дүйшенбаев социалдык тармактагы барачасына Кыргызстанга №1 учактын сатылып алынышы боюнча пикирин билдирди.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстанга жеке учак менен барып, ал үчүн бюджеттен чоң каражат төлөнгөнүн өз иликтөөсүндө айткан эле. Бул видеодо ал иликтөөдө айтылгандар калп экени сөз кылыныптыр. Бирок мен мында ал жөнүндө эмес, №1 учакты сатып алуу зарылдыгын сөз кылгым келди.
Мамлекетте №1 борт болушу керектигин Атамбаевдин да, Жээнбековдун да кезинде жазгам. Азыр деле ошол пикирдемин. Мурдараакта авто унаалар «роскошь» болсо, азыр турмуш-тиричиликтик зарылдыкка айланды. Ошол сыңары эле №1 борт да зарылдык. Кээ бирлер президент же премьердин жеке учак менен сыртка учуп барып келгендерин катуу сынга алышып, тепкиге алып киришет. «Өлкөбүздүн экономикасы бул болсо, учак жалдап учушат» деген аргументти келтиришет. Ага улай Европа өлкөлөрүнүн жетекчилеринин эл менен эле учактарда учуп жүрүшкөндөрү тууралуу айтышат. Бирок, ал массалык эмес, бирин-серин саясый коньюнктуралык көрүнүштүгүн, чындыгында алардын деле персоналдуу кызматтык учактары бар экенин эске алышпайт. Пиар үчүн Б. Ельцин 1-2 жолу трамвайга деле түшкөн. Бирок, ал трамвайды автоунаа кылып алган эмес.
Биздин жетекчилер үчүн учактарды жалдоо «понт» эмес, зарылдыктан келип чыгууда. Европа өлкөлөрүндө жарандык авиация болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Алардын аэропортторунда мүнөтүнө учактар конуп, учуп, белгиленген убакытка бара алышат. Биздикилер үчүн деле кадимки рейс менен учуу кыйын деле болбосо керек. Көпчүлүк менен учуу аларга тескерисинче «эл менен бирге учуп кетти… биздин президент жөнөкөй…» деген пиарды камсыздап бермек. Бирок ал мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстандан каалаган учурда учуп, белгиленген убакытка ошол өлкөдө болуп калуу кыйын. Анын бир катар себептери бар. Рейстин убактысы туура келбейт, түз учкан рейс жок, бир канча «пересадка» кылууга туура келет. Мындай абалда мамлекеттик, расмий, же жөн гана жумушчу иш сапарларын уюштурууга дегеле болбойт. Анан президент чет өлкөгө расмий сапар менен барса, аны эң кеминде 25-30 адам (жардамчылар, жан сакчылар, тийиштүү жетекчилер, журналисттер ж.б.) коштоп жүрөт. Алардын жол кирелери ж.б. чыгымдары он миңдеген долларлардан ашып кетет. Анан мамлекеттик, расмий иш сапарларды жеке учаксыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Элестетип көргүлө, эки президент трапта учурашып жатса, артынан ар кандай кийинген жүргүнчулөр шыкалып түшүп келе жатышса…
Бир сөз менен айтканда, өлкө жетекчилеринин №1 учак менен камсыз болуусу зарылдык. Дүйнө өлкөлөрү менен алака түзүп, байланышты кеңейтип, өлкөбүзгө инвесторлорду тартып, глобалдашкан коомдо өз ордубузду табалы десек, жок дегенде 40-50 орундуу учакты лизингге болсо да сатып алышыбыз керек. Тигил же бул өлкө чакырса, же иш сапарлар белгиленген болсо, ага убагында бара албасак, бизди ким теңине алып, алака түзүп, кызматташат? Бул өлкөбүздүн аброю, имиджи, элибиздин жүзү. Бул өңүттөн алганда, өлкө жетекчилеринин сыртка учак жалдап учуп келишкендерин мамлекеттик көйгөйгө айландырып, андан «сенсация» жасай берүүнүн өзү туура эмес.
Автору: Мирлан Дүйшенбаев