7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министри Улан Ниязбеков көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

479

КРНын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркияда катталган жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады. Бул тууралуу ИИмден билдиришти.

“Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм, ошондой эле кырсыктан жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын. Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын”,-деп көңүл айтуу сөзүн Түркия элине жолдоду.

Ички иштер министрлигинин атынан 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберилди. Алардын ичинде одеялдар, уктоочу каптар, карематтар (кичинекей килемчелер), чатырлар, жылыткычтар бар.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

480