7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдаган жаран кармалды

511

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мурдагы жеке нотариусу нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө, андан кийин ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек балдарды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталды.

Кармалган С.У.Р. нун жашаган жери боюнча тинтүү иштеринин жүрүшүндө 233 даана бош нотариалдык документтердин бланктары, жеке нотариустардын расмий мөөр басылган 13 даана бланктары, 1 даана расмий мөөр басылган бош кагаз, 17 даана жеке нотариустардын мөөрү басылган ишеним кат, 526 миң сом жана 2500 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акчалар, жеке компьютер, лазердик принтер, жеке нотариустардын биринин расмий мөөрү, ошондой эле акча которуулардын квитанциясы табылып, алынган.

Ошондой эле, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун авиакассаларынын кызматкерлери, адвокаттар жана жеке нотариустар тарабынан расмий документтерди жасалмалоо жана берүү фактыларынын туруктуу схемасы аныкталып, аларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512