Эми түшүндүкпү?
- Чын чынына келгенде үйүбүз өтө деле кичинекей жана муздак деле эмес экенин..
 - Жаткан керебеттин, жана жамынган жуурканыбыздын маркасы анча деле маанилүү эмес экенин…
 - Тамагыбыздын тузу, томаты, этинин азы көбү, даяр болбой беш-он мүнөткө кечигип жатканы…
 - Телефонуңуздун, машинаңыздын маркасы…
 - Эс алуучу жерибиз, байлыгыбыз…. Мунун баары чоң мааниге ээ эмес экенин үйрөнүүгө убакыт келди…Млндогон акчага сатып алган үйүбүз бир күнү биздин мүрзөбүз болуп калышы мүмкүн экенин түшүндүкпү деги?….
 - Үстүңдөгү пальтоңдун баасына караганда, буттарыңды үшүтпөгөн бир бурчтагы эски жууркан, ысык чай, шорпо, нан кандай баалуу экенин сездикпи деги?
 - Бир кездеги жүрөгүн оорутуп алган адамдын көңүлүн алганга убакыт табылбаганы…
 - Жетишпей калган кемеге, толуп калган автобуска кайгыруунун канчалык керексиз экенин сездикпи?
 - Кандай шартта уктаганыбыз эмес, кандай шартта, кандай абалда, кантип ойгонгонубуз же ойгонбой калышыбыз маанилүү экенин…
 - Демейде жамынып уктаган жууркандын ордуна үйүлгөн урандылардын астында каларыңызды… Бул кырсыктар, алааматтар ар дайым сабак болушун унутулбаш керек экенин түшүндүкпү…
 - Байлык, мал-мүлк, кызмат..
 - Булар сага жөн эле убактылуу гана АМАНАТ.
 - Ал эми АДАМГЕРЧИЛИК түбөлүктүү жана зарыл экенин түшүн.
 - Жакындарыңдын баркын бил, көңүлдөрүн сындырба, ичип-жегениңди ысырап кылба…
 - Ишенип берилген бул жашообуз, өмүрүбүз менен качан каякка чейин жетип коштошоорубуз биз үчүн белгисиз…
Автор: Ali Salih Iflazoglu 




			    