7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ККМ аппараттары колдонулгандан кийин, тойкана, кафелерден түшкөн салыктын көлөмү 2,5 эсе көбөйдү

662

ККМ аппараттары колдонулуп баштагандан кийин, тойкана, кафелерден түшкөн салыктын көлөмү 2,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси билдирди.

«2022-жылы тойканалар жана күнүмдүк тамактануучу кафелерден эки жарым эсе көп салык чогулган.

Кыргызстанда 370тен ашык тойкана бар.

Күнүмдүк тамактануучу жайлар, башкача айтканда кафе, ашканалардын саны 2745.

2021-жылы тамактануучу жайлар аркылуу 6,2 млрд сом айланган. Андан түшкөн салык 350 млн сом болгон.

2022-жылы ККМ аппаратынын натыйжасында, накталай көлөмү эки эсе көбөйүп, 13,5 млрд сомду түздү. Андан түшкөн салык 3 эсе көбөйүп, мамлекеттин казынасына 838 миллион сом түшкөн.

МИСАЛЫ,

“Асман” тойканасы

2021-жылы 567 миң сом

2022-жылы 2,9 млн сом

“Ак Сарай” тойканасы

2021-жылы 335 миң сом

2022-жылы 2 млн сом

“Айкөл-Ордо” тойканасы

2021-жылы 128 миң сом

2022-жылы 2,5 млн сом салык төлөгөн.

ТАМАКТАНАУУЧУ ЖАЙЛАР: 

“Фаиза” кафеси

2021-жылы 11,7 млн сом

2022-жылы 17,6 млн сом

“Арзуу” кафеси

2021-жылы 916 миң сом

2022-жылы 1,7 млн сом

“Шашлычная Джал” кафеси

2021-жылы 340 миң сом

2022-жылы 1,9 миллион сом салык төлөгөн.

ККМ аппараттары салык чогултууда ачыктыкты камсыздап, салыктык төлөмдөр мурдагыдай жашырылып, жеке кызыкчылыктарга кетүүсүнө жол бербей, мамлекеттин казынасына чогулуп баштады. Ошол үчүн 2021-жылы жалпы салыктан 105,7 млрд сом чогулса, 2022-жылы бул көрсөткүч 156,3 млрд сомго жетти. Белгилей кетсек, эч кандай салыктын жаңы түрлөрү кирген жок!»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663