Түркиянын Кахраманмараш шаарында жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Буга чейин Түркияга жардам берүү үчүн биринчи топ менен 67, ал эми экинчи топ менен 80 куткаруучу, 6 дарыгер, 75 боз үй жана боз үй тигүүчүлөр жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, келерки жумада дагы куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар жөнөтүлөрү белгиленген.