Кантта баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн чет өлкөлүк топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-февралда милицияга арыз менен Кант шаарында жашаган Пакистан Ислам Республикасынын жараны 1998-жылы туулган С.З. кайрылып, 1-2-февраль күндөрү үйүнүн эшигин бузуп кирип, жашыруун түрдө 10 000 АКШ долларын, 2 даана MacBook жана “iPhone 14 Pro” үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Пакистан Ислам Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. аныкталып, алар сурак учурунда жабырлануучунун үйүнөн баңгизатын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган Пакистандын жарандарынын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан өлчөмү 1504 граммды түзгөн “Гашиш-афган чарсы” баңгизаты табылып алынган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси Пакистандын алып келинген баңгизатты Кыргызстанда жашаган мекендештерине узак убакыттан бери сатуу менен алектенгени аныкталган.
9-февралда материалдар кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында, жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан 55 грамм салмактагы баңгизаты (гашиш) табылып алынган.
Аталган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү келтирилип, ал канааттандырылган.
Учурда тергөө иштери уланууда.