7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

459

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Каталин Новак Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Венгриянын Улуттук архивинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Венгриянын Маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндиги боюнча улуттук органынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Венгриянын Мамлекеттик кызмат университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Этвош Лоран атындагы Будапешт университети ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460