Бишкекте эки эркек Honda Fit унаасын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга А.У. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 10-февралдан 11-февралга караган түнү Фучик көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча «Автотранспорт каражатын уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр 1992-жылы туулган К.Р. жана 2000-жылы туулган К.Б. кармоо учурунда уурдалган унаанын ичинде болушкан.
Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.
Учурда иликтөө иштери уланууда.