Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунун, Дачная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Турак үйдүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1983-жылы туулган З.Д. аттуу эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жалпы турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.