Өлкөдө арзан электр энергиясынын лимитин 700дөн 1 500 киловатт-саатка көбөйтүү сунушталды. Учурдагы тарифке ылайык, 700 киловатт-саатка чейин колдонулганда жарандар 77 тыйындан, андан ашканда 2,16 сомдон төлөшөт.
Электр тогу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 1-майдан тарта тарифти 1 сом кылуу сунушталууда. Тарифтин жогорулашына байланыштуу арзан электр энергиясынын лимитин 700дөн 1 500 киловатт-саатка жогорулатуу керек болот. Ал эми мындан ашканда 2,16 сом бойдон калат.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөргө тарифти мурдагыдай эле калтыруу пландалууда.