7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тимур Саралаев: «Эми, Атамбаев тынч отурганы туура болот»

971

Алмазбек Атамбаев президент кезинде Садыр Жапаровго жана башкаларга кандай мамиле кылды. Ал эми Садыр Жапаров кандай жооп кайтарды. Бул тууралуу Тимур Саралаев төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Садыр Жапаров Кумтөр мамлекетке өтүп, элдин кызыкчылыгына иштеш керек деген демилге көтөргөн. Ал үчүн ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тарабынан куугунтукталган. Садыр Жапаровго эч кандай айып тага албай, арыздануучу жок экение карабай өтө оор берене менен камакка алган. Үй-бүлөсүн, бир туугандарын, келиндерин, тарапташтарына чейин камаган. Балдарын ур-токмокко алып, аесуз кордук көрсөткөнүн эсимде.
Атамбаевдин кылмыш иши.

ТЭЦтен уурдалган ири каражаттар, 111 млн долларлык коррупция, Дача-Су кырсыгы, Азиз Батукаевди мыйзамсыз боштондукка чыгаруусу, УКМКнын “Альфа” атайынын кызматынын офицери Ниязбековду атып өлтүргөнү, кызмат адамдарын барымтага алуу, офицер Самат Курманкуловдун инвалид болуп калышы, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аймак аралык кастыкты жаратуу, аракеттери. Мына ушундай ат эмес, жер көтөрө алгыс иштерди жасаган.

Садыр Жапаровдун учурунда Атамбаевдин үй-бүлөсүнө эч кандай куугунтук болгон жок. Балдарына саясатта эркин ишмердүүлүк жүргүзүүгө шарт түзүлдү, Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Сеид Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Эки баласы тең оюна келгенди сүйлөп, трибунаны эркин колдонушту. Атамбаевдин түрмөгө түшүп калышы – анын кекчилдиги жана текеберлиги себеп болду.

Садыр Жапаров кыргызда айтылган, “таш менен урганды – аш менен ур”-деген ата бабанын сөзүн, айкөлдүктү, кечиримдүүлүктү, адамдык сапаттын үлгүсүн көрсөттү.

Атамбаевден өч албаса деле, анын кылмыштары жакынкы күндөрү эркиндикке чыгышы күмөн болчу. Бирок анын ден-соолугу эске алынып, дарыланып келүүгө шарт түзүлдү.

Эми, Атамбаев жана Кыргызстанды талап-тоногон, аттан түшсө дагы ээрден түшкүсү келбегендер акылына келиши керек. Кыргызстан саясий сыноолордун полигону эмес. Акыркы 2 жылда экономикалык көрсөткүчтөр, социалдык курулуштар, мамлекеттин чек арасын бекемдөө, аскердик коргонууга түзүлгөн шарттар ылдам жакшырууда. Эл аралык байланыштар, тышкы саясат жолго коюлду. Энергетикалык коопсуздукту бекемдөөдө 50дөн ашык чакан ГЭСтер, ири кубаттуулуктагы долбоорлор башталып жатат. Дүйнөгө байланыш түзө турган, экономикалык жана стратегиялык мааниси зор “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталуу алдында турат. Адахан Мадумаров баш болгондор “Кумтөрдү” мамлекетке ала албай дешти эле, 1 жыл аралыгында саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп, убадасына турду. Мурда казылган алтын мамлекетке кенедей гана үлүшү калса, азыр Кумтөрдөн жылына 16-17 тонна алтын казылып, мамлекеттин байлыгы болуп топтолууда.

Эми, Атамбаев эле эмес, мурдагы саясатчылар үйүнүн төрүндө тынч отуруп, Кыргызстанга жакшылык кылбаса дагы, кесепетин тийгизбей тынч отурганы туура болот.

Мындан ары убакыт — саясий кызыкчылыктардын тирешүүсүнө эмес, өнүгүүлөрдүн атаандашуусуна арналыш керек»,- деди ал.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

972