7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкекте жаңы 50 автобус каттамга чыкты

714

Бишкек шаарында бүгүн, 17-февралдан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамдарга чыга баштады. Бүгүнтөн баштап бекитилген маршруттар боюнча 38-42-48- жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Белгилей кетсек, жапызполдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. Мындан тышкары ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

  • № 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.
  • №42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.
  • № 48 автобус (Батыш автобекети — Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Бишкек шаарынын мэриясы ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп берип жатат, эми жүргүнчүлөрдөн  жоопкерчиликтүү болуп, тазалыкты сактоолорун суранабыз!

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715