Баткен районунун Раззаков шаарына жакын жайгашкан Чимген айылында Бишкекте киши колдуу болгон үч үй-бүлө мүчөсүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул маалыматты Kaktus.media жазып чыкты.
Маалыматка караганда, маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-февраль күнү түштөн кийин болгон.
Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болуп каза болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон.