Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунда 45 жаштагы жаран көчкүнүн астында калып каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1978-жылы туулган М.Ж. аттуу эркек киши Ала-Жыгач тилкесинде жылкы кароо үчүн тоого чыгып, саат 15:00 чамасында кар көчкү түшүп, көчкүнүн алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле жанындагы кошо чыккан 2 адам аман-эсен калышкан.
Жерине 11 куткаруучу, Атай айылынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Саат 18:00дө жогоруда аталган жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.