7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда үлпөт той учурунда асманга ок чыгарган жигит кармалды (ВИДЕО)

918

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга алып келинди. Бул тууралуу Жалал Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү той учурунда (ЗАГС) жүрүп бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн (люк) белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгыргандыгы боюнча видео социалдык тармактарга тараган.

Бул факты маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-жылы туулган М.А. экендиги ошол эле күнү такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн өзүнө таандык “Сайга МК-01” ок атуучу куралынан 10 даана асманга ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

919