7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облустук филармониясына Алишер Тоотаев директор болуп дайындалды

867

Бүгүн, 20-февралынан тартып Тоотаев Алишер Теңизбаевич Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эмгек жамаатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Чыңгыз Эсенгул уулу жаңы дайындалган жетекчиге ишине ийгилик каалап, алдыда жасала турган иштер арбын экенин белгиледи.
Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.

Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинин экономика багытында билим алган.

Алишер Тоотаев Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868