Жаз айларындагы жаан-чачынга байланыштуу сел кырсыктарынын алдын алуу чараларын жүргүзүү аракети облус аймагында колго алынууда. Быйылкы жылга карата бекитилген объекттерде сел жүргөн сайларда механикалык тазалоо жана гаюион торчолорун орнотууга даярдык иштери башталды.
«Алгачкылардан болуп, Баткен районунун Самаркандек айылындагы Жайылма участкасына техника тартылып, 1000 метр сайдын ичи тазаланууда. Механикалык тазалоо жумуштары бүткөрүлсө, сай жээгине 150 габион торчосу орнотулат. Ал үчүн ӨКМден тартылган бульдозер жана самосвал техникасынын жардамы менен 50 турак үй, 800 м ички чарбалык жол жана 1000 метр ички чарбалык арык сел коркунучунан коргоого алынат»,- деп берилет маалыматта.