Чүй электр тармактар ишканасынын бир топ кызматкерлери январь айындагы маяналарын алыша элек. Бул тууралуу аталган ишкананын кызматкерлери 7-каналга билдиришти.
“Өткөн айдагы эмгек маянабызды азыркыга чейин бербей жатышат. Айрым кызматкерлердин банкка төлөй турган насыялары да бар. Жетекчиликке айтсак, күтө тургула дейт. Маянага жашаган үй-бүлөлөр үчүн 2 ай жашоо кыйынга турууда” – дейт атын атагысы келбеген ишкананын кызматкери.
Бул маселе Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин 22-февралдын кечинде 7-каналдын түз эфирдеги “Актуалдуу” көрсөтүүсү учурунда да көтөрүлгөн. Министр окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, 23-февраль толугу менен эмгек маяна берилип бүтөрүн билдирген.
“Айрым кызматкерлердин ставкалык маяналарын тактоодо кечигип калыптыр. 70тей кызматкерге эмгек акылары которулуп бериле элек экен. Бул боюнча жетекчилигине тапшырма бердим, 23-февраль дем алыш күнүнө карабай толугу менен маяналарын которуп берип, мага маалыматын берет” деди министр Ибраев.
Бирок бүгүн, 24-февралда да энергетиктер кечиккен маяналарын алыша элек. Чүй электр тармактар ишканасы бүгүн кечке чейин толугу менен жумушчулардын акчалары которулуп берилерин билдирди. Улуттук энергохолдингдин алдындагы ишканалар оптимизация болгондон кийин кызматкерлерди базага киргизүү процесси бир топ убакытты алгандыктан маяналар кечигип калганын жүйө келтиришет.