КРнын жаңы билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны.
- Каныбек Иманалиев – журналист, публицист. Орус жана англис тилдеринде басылган «Кыргызстан (Слово о Родине)» китебинин, «Жоогазын ыры» («Тюльпаны пустыни»), «Кыргызские притчи», «Алтынкөлдүн аккусу», «Тагай бий» повесттеринин жана «Арзуу ыры» ырлар жыйнагынын автору. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, маданияты, этнографиясы жөнүндө макалалар жана маалыматтар жыйналган «Кыргыздар» басылмасынын 10 томдугунун түзүүчүсү.
- Иманалиев Каныбек Капашович 1969-жылдын 11-майында Чүй областындагы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. Улуту – кыргыз. Ал эки жогорку билимдин ээси, саясат таануу илимдеринин доктору. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
- 1987 – 1989-жылдары СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында аскер кызматын өтөгөн.
- 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн.
- 1998-жылы «Политология» адистиги боюнча Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын (РАГС) бүтүргөн.
- 2002-жылы Москва шаарында (РАГС) кандидаттык диссертациясын жактаган.
- 2010-жылы Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипакадемияда докторлук диссертациясын жактаган.
- Эмгек жолун 1992-жылы «Асаба» эркин гезитинде корреспондент болуп баштаган, ал жерде 1994-жылга чейин иштеген.
- 1994 – 1995-жылдары пресс-кызматынын референти, 1996-жылдын январь айында пресс-кызматынын жетекчилик ордуна дайындалган, 1996-жылдан 1999-жылга чейин КРнын Президентинин пресс-катчысы.
- 1999 – 2004-жылдары «Учкун» АКнун Президенти.
- 2000 – 2005-жылдары № 2 Жал округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты. Эл аралык жана парламенттер аралык байланыш боюнча комитеттин мүчөсү болгон.
- 2005-жылдын февраль айында № 62 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, бир катар мыйзам долбоорлорунун автору болгон.
- 2008-жылдан 2010 жылга чейин Кыргыз — Орус Славян Университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору.
- 2010-жылдын ноябрь айынан тартып «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин мүчөсү, ОБСЕде Жогорку Кеңештин өкүлү.
- 2002-жылы Парламенттер аралык КМШ ассамблеясы К. Иманалиевди «Древо дружбы» («Достук багы») алтын медалы менен сыйлаган.
- 2009-жылы анын «Каганат» (Сокровенное сказание кочевников) китеби КМШ өлкөлөрү катышкан-мамлекеттирдин эл аралык сынагында «Наш современник» номинациясындагы I даражадагы Диплому менен сыйланган.
- 2010-жылы Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган «Саякбай» («Баллада о гение») китеби басылып чыккан.
- 2015-жылы «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.