Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана бейтаптарды кабыл алуу учун эшигин ачты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын “чиптер” менен жабдылган, ошондой эле оорукананын ичинде “таза аймак” каралган.
«Ошондой эле, керектүү медициналык аппаратуралар менен камсыздалды: УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор жана башкалар. Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын фильтрлер орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу зыянсыздандырат жана залалсыздандырылат»,- деп берилет маалыматта.