7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо үчүнчү «Куттуу эл-касиеттүү Ысык-Көл» улуттук форуму өттү

591

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын К. Жантөшев атындагы облустук музыкалык-драма театрында бүгүн, 25-февралда, үчүнчү «Куттуу эл — касиеттүү Ысык-Көл» аттуу республикалык улуттук форуму өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук форум Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — „Манас“ эпосунун үчилтигин („Манас“, „Семетей“, „Сейтек“ эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Улуттук форум Ысык-Көл облусунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү менен таанышуу жана «Даанышмандар сүзгөн — Ак Кеме» театрлаштырылган пролог менен башталды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп Президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген жарлыктары — улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн мамлекеттик документтер болуп саналарын белгиледи.

Мамлекеттик катчы форумдун катышуучуларына көл кылаасынан чыккан жети аке, алардын даанышмандыгы жана Ысык-Көл тууралуу уламыштарды кеңири баяндап берди.

Ошондой эле, бир катар илимий кызматкерлердин баяндамалары угулду.

Форум концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592