7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иманалиев мугалимдерге «Кыргыз Эл Баатыры» наамы берилээрин билдирди

535

Президенттин демилгеси менен мугалимдерге “Кыргыз Эл Баатыры” наамы берилет. Бул тууралуу илим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев жыйында билдирди.

Министрдин милдетин аткаруучу жыйындын жүрүшүндө билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады. Алар:

  • Президенттин демилгеси менен эки мугалимге “Кыргыз Эл Баатыры” наамы берилет;
  • “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;
  • Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;
  • Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;
  • Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.

Каныбек Иманалиев президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо билим берүүгө болгон чоң ишеним, чечкиндүү кадам экендигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536