«Биз мугалимдин кадыр-баркын Баткендин чек арасын коргогондой коргошубуз керек. Аким келет, инвестор, депутат келет… Мектепке киргенде саясатты токтотуш керек. Бир эле саясат билим берүү»,-деди билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.