7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак районунун 4 тургуну диний экстремисттик идеологиядан баш тартты

701

Сузак районунун 4 тургуну «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, «Йакын-Инкар» ДЭКнын мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жашоочулары, КРнын жарандары 1970-жылы туулган М.Ш.С., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1988-жылы туулган С.О.М., 1991-жылы туулган С.Б.С., экстремисттик идеологиядан элдин алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда “Йакын-Инкар” ДЭКнын экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүрүшкөн.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды бул уюмдун КР аймагында иштөөсүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Йакын-Инкар” ДЭКнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда УКМК тарабынан «Йакын-Инкар» ДЭКнын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда, ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702