7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жалал-Абад» санаторийинин директорунун орун басары кармалды

912

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Жалал-Абад санаторийинин (курорт) директорунун орун басары бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. Жалал-Абад санаториясынын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

913