Кинотеатрлар менен тез тамактануучу жайлар 1-декабрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.
Анын айтымында, мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынып, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилет.
«Биз кинотеатрларды 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз, бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат. Санитардык нормалар боюнча алгоритм жакшы», — деди Түлөбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы кинотеатрлар өлкодөгү пандемияга байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери иштебей келет.